Алибекова Сажида: - Биз Алайкууданбыз. Каракулжада 10 күн турдук. Ошто 10 күн турдук. Түндө саат 2-3төр чамасында 3-4 аскер машинелери келип, имараттын алдында токтошкон. Таңга жуук ызы-чуу башталды. Карапайым элдин колунда эчтеке жок, токмок жеди. Менин белиме дубинка менен 3-4 жолу коюшту, мен го жашмын, ал жердеги 70ке чыккан карыялар, апаларыбыз кор болушту… Мен азыр жолдошумду таппай жүрөм.
Сагынбай: - Имараттын ичинде аялдар, карыялар көп болчу, ичинде 300-400 адам бар болчу, бардыгы эртең менен тынч уктап жатышкан. Айрымдары намаз окуп жатышкан, Бишкектен келген атайын даярдалган топ - спецназ - эч кимди аяган жок. Коркконунан экинчи кабаттан да секиргендер болушту. Жарадар болгондор абдан көп. Карыябы, балалуу аялбы, аскерлер - баарын дубинкалар менен сабап жатышты…
Алынган маалыматтарга караганда Карасуудан болгон Нурила Жээнбекованын колун дубинка менен сындыра чабышкан. Ал эми Каныбек Байгазиев аттуу жаран азыр ооруканада оор абалда жатат.