Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

КЫРГЫЗСТАНДА КЫРДААЛ МЫНЧАЛЫК КУРЧУП КӨРГӨН ЭМЕС


Чолпон Орозобекова , Бишкек Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы 15 жылда кырдаал мынчалык курчуган учур боло элек болчу дешет байкоочулар. Тартип коргоо органдары пикетчилерге күч колдонгонун айрым саясатчылар элге кол салуу катары баалап жатышат. Пикетчилерге болгон чабуулдан кийин эл кайрадан көтөрүлүп, Жалалабатта ок атуунун үндөрү угулуп жатат. Байкоочулардын баамында, учурда Кыргызстан өтө коркунучтуу күндөрдү баштан кечирип жатат.

Ош жана Жалалабатта болгон жекшембинин таңындагы окуялардан кийин өлкөдөгү кырдаал ого бетер курчуду. Дубандык бийлик имараттарын кайтарып алыш үчүн милициянын атайын отряддары элди сабап, күч колдонушкан. Ош шаарындагы Эл аралык кризистик топ Фергана.ру агенттигине билдиргенине караганда, чабуул учурунда төрт адам окко учуп каза тапты.

Бирок Ички иштер министиринин орун басары Абдылда Суранчиев улуттук телеканал аркылуу эч ким набыт болгон жок деп билдирди. Губернатор Жусупбек Шарипов бийлик өтө сабырдуулук кылып, пикетчилер менен сүйлөшүүгө аракет майнапсыз болгондон кийин акыр аягы ушул кадамга барганын айтты.

Соңку маалыматтарга караганда, түштүк дубандарда эл кайрадан топтолуп, бийликке кыжырдануу күч алууда. Жалалабатта 10 миңден ашык адам чогулуп, облустук бийликтин имаратын кайрадан ээлеп алганга аракет жасашууда. Азыр шаарда ички иштер башкармалыгынын күчтөрү эл тарапка эскертүү катары асманга ок чыгарып да көрдү.
Ош облустук имараттын ичиндеги элге чабуул кандайча болгонун өзү менен көргөн «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси азиза Абдрасулова спецназ менен ИИМдин ички аскерлери аялдарды да аяган жок дейт:

- Ошто чабуул болуп атканда мен элдин жанында болчумун. Алгач милиция отряды келип имараттын алдындагы бозүйдү чечип, андагы тамак- ашты жүктөп кете баштады. Андан кийин элге чабуул болушу мүмкүндүгүн сезип турушту. Кокус алдына ал эскертүү жасашса, балким эл өзү эле чыгып кетмек. Бирок андай эскертүү болгон жок. Босогодо кыдырекей отурган отуздай аялды милициялар тепселеп эле кетишти. Ошол аялдар жана алдыда турган жашыраак жигиттер көбүрөөк токмок жеп калышты. Аябай мыкаачылык менен сабашты. Бийлик «тез жардамдын» машиналарын да даярдап коюптур. Дароо эле 15 чакты адамды ооруканага алып кетишти.

Бийликтин элге карата күч колдонушун көпчүлүк байкоочулар өз элине кол салуу катары баалашты. Кыргызстан элдик кыймылынынын мүчөсү, экс- министр Кулубек Бөкөнбаев элге кол салуу менен бийлик чектен ашты деген ойдо:

- Бийлик айбанчылык кылды. Өз элине кол салуу менен карышкыр мүнөзүн көрсөттү. Президент Аскар элден кечирим сурап эле бийликтен кеткени эң туура жол болмок. Аксы окуясында эле бул бийлик өзүн көрсөткөн болчу. Бирок ушуга чейин эл мынчалык көтөрүлгөн эмес. Ошондо да бийлик дагы эле элдин кыжырына тийип атат. Аксы окуясы бийликке сабак болбоптур.

Күч колдонуу менен өтө оңой жана кооптуу жолго түшкөн бийлик саясий тынч ыкмаларга өткөнү оң болмок дешет байкоочулар. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов өлкөдү кырдаалды жөнгө салуунун бир нече жолун белгилейт:

- Кыргыз бийлиги өзү үчүн оңой жолду тандады. Саясий сүйлөшүүлөргө барса, дурус болмок. Мен мурда эле айткам. Бизде Украинадагыдай ыңкылап болбойт. Эл кыжырданса, азиаттык мүнөздөгү көтөрүлүш болот дегем. Мына, эл көтөрүлдү, бул деген өтө кооптуу кырдаал.

Ушул эле күнү Элдик биримдиктин координациялык кеңеши билдирүү таратты. Анда Аксы окуясындагыдай Аскар Акаев өзүнүн кылмыштуу бийлигин сактап калыш үчүн дагы бир жолу кан төгүүгө барууда деп айтылган. «Бүгүнкү күндөгү Аскар Акаевдин кандуу аракеттери өз элине каршы согуш катары бааланат деп жазылат билдирүүдө. Элдик биримдик кыймылы дагы бир жолу Аскар Акаевдин отставкасын талап кылуу менен эл акыр жеңет деген ишеним билдирген.

Ушул эле күнү ЕККУнун Бишкектеги кеңесеси кыргыз бийлиги менен оппозицияны сүйлөшүүгө чакырды. ЕККУ кыргыз бийлигиy кандай болгон күндө да элге каршы күч колдонбогонго чакырды.

Кыргызстан элдик кыймылынын лидери Жыпар Жекшеев мамлекет башына эгемендиктин 15 жылындагы эң оор кырдаал келгенин баса белгилейт:

- Мынчалык курч кырдаал боло элек болчу. Бирок ушул күн акыр келмек. Бийлик элди алдап, от менен ойноп келди. Аксы окуясында эле тынч гана өзүнүн конституциялык укугун коргоп аткан элди атып, бул бийликтин колу канга бойолуп калган. Эми дагы элге кол салды. Мындан ары элдин кыжырдануусу жеткен чегине жетти.
XS
SM
MD
LG