Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

ИРАК СОГУШУНА ЭКИ ЖЫЛ


20-мартта АКШ башындагы коалициялык күчтөрдүн Иракка басып киргенинин эки жыл болду. Бү күндү утурлай дүйнө өлкөлөрүндө согушка каршы жана Ирактан чет элдик аскерлерди чыгап кетүүгө чакырган демонстрациялар өттү. АКШ президенти Буш болсо Саддамдын режиминин кулатуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө демократиялык реформаны баштоого түрткү болгонун билдирди. Жекшемби күнү Ирактын Мосул шаардык полициясынын орун басар акими өлтүрүлдү.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш ишемби күнү Америка элине жасаган радиокайрылууда 2003-жылдын 20-мартында Иракка согуш ачуу зарылдыгын мындайча түшүндүрдү:


- Эки жыл мурда биз мыкаачы режимди куралсыздандыруу, элге эркиндик берүү жана дүйнөнү коркунучтун очогунан коргоо үчүн Ирак калкына эркиндик берүү операциясын баштаганбыз.

Буштун айтышынча, АКШ башындагы коалициялык күчтөрдүн Иракка басып кирүүсүнүн натыйжасында Жакынкы Чыгыштагы демократиялык өзгөрүүлөргө өбөлгө түзүлдү:

- Ирактагы эркиндиктин жеңиши Ирактагы терроручулукка каршы жаңы альянсты түптөдү жана Бейруттан тартып Тегеранга чейинки аралыкта демократиялык реформаларга дем берди. Бүгүн Ооганстанда аялдар добуш бере алат, палестиналыктар зобун-зордуктан эски нугунан чыкты жана жүз миңдеген ливандыктар өз күнкорсуздугун, демократиялык укуктарын талап кыла баштады. Булар эркиндик үчүн күрөштүн тарыхындагы бурулуш окуялар.

Президент Буш радиокайрылууда Ирак согушунда курман болгон 1, 5 миңден ашуун америкалык аскердин жакындарына көңүл айтып, АКШлык 130 миң жоокерди Ирактан чыгарып кетүү үчүн чара көрүлүп жатканын айта кетти.

Ишемби күнү Нью-Йорктүн үч жеринде, Чикагодо, Маямиде дагы башка АКШнын шаарларында согушка каршы жүздөгөн адамдар демонстрациялар өттү. Маалымат агентиктери бул ирет демонстрацияга эки жыл мурда согуштун башталышына каршы өткөн акцияга караганда аз адам катышканын белгилешти.
Ирактан чет элдик аскерлерди чыгарып кетүүгө үндөгөн кубаттуу акциялар ишемби күнү Канадада, Британияда, Польшада, Түркияда, Японияда, Бразилияда жана башка өлкөлөрдө да болду.

Ирактын өзүндө эрегишчилер полициянын жана армиянын жетекчилерине, ошондой эле полициянын катардагы кызматкерлери менен аскерлерге каршы чабуулун күчөтүүдө.

Жекшемби күнү түндүктөгү Мосул шаарынын полиция акиминин орун басары Валид Кашмулланын кеңсесинде бомба жарылып, Кашмулла курман болду.
Бир күн мурда Киркук шаарында кесиптешин жайга узатып бараткан жолдо бомба жарылып, полициянын төр кызматкери каза тапкан.

20-мартта түштүктөгү Басра шаарында полициянын черүүсү минага кабылып, бир жолоочу өлүп, полиция кызматкери жараат алды.
Полициянын акими Казим Шуа Басрада коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча чара көрүлүп жатканын маалымдады:

- Биз Басранын жана шаар калкынын коопсуздугу үчүн жооптуубуз. Мындай окуяларга карабастан, Басрада жагдай 100 процент тынч. Чөлкөм чоң болгондуктан, маал-маал коопсуздукка каршы окуялар болуп турат. Анткен менен, бизде коопсуздук боюнча кылдат иштелген планыбыз бар.

XS
SM
MD
LG