Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

ОШ ОБЛУСТУК АКИМЧИЛИКТИН ИМАРАТЫ БОШОТУЛДУ


Кубанычбек Жолдошов, Ош 20-март күнү таңкы бештер чамасында нааразылык акциясынын катышуучулары ээлеп алышкан облустук акимчиликтин имараты бошотулду. Расмий эмес маалыматтарга караганда, имаратты бошотуу учурунда денесинен оор жаракат алгандар болду.

Ош облустук акимчилигинде болуп өткөн маалымат жыйынында ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмабек Байтиков операция жүрүп жаткан учурда бир милиция кызматкери оор жаракат алгандыгын жана имараттын ичинде каршылык көрсөткөн он төрт адам медициналык жардамга муктаж болгондугун билдирди. Ал эми ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарга таянсак, имараттын ичиндеги 225 адамдын отуз төртү медициналык жардамга кайрылып, алардын ичинен тогузу денесинен оор жаракат алып, шаардык ооруканага жеткирилген. Облустун губернатору Кубанычбек Жолдошов материалдык жактан да чоң зыян келтирилгендигин айтып, анын суммасын атайын түзүлгөн комиссия эсептеп чыга тургандыгын билдирди.

- Мына ушундай кырдаал болду. Биздин Ош мамлекеттик администрациясына кирип, кол салып, ичиндеги эмеректерди,эшик,терезелерди талкалап, түшүнбөстүк болду,. урматтуу Ош облусунун тургундары. Аксынын окуясы кереги жок. Бизге мылтыктын, октун атылышынын да кереги жок.. Мен ойлом, бизге эң негизгиси тынчтык керек.

Ал эми жергиликтүү көз карандысыз аналитик Бакыт Орунбеков имараттын ичинде келтирилген материалдык зыян операция учурунда орун алышы мүмкүн деген пикирин билдирди.

- Бул жерде айтылды, имаратты ээлеп алган адамдар эмеректерди, эшик-терезелерди , компьютерлердин баарын талкалаптыр. Ал жердеги бүгүнкү окуяга күбө болгондор айтып жатышат. ОМОНдун кызматкерлери ар бир эшикти тээп киришип, ичинде киши бар деп ойлосо керек. Ошолордун колунан сынган экен. Ичинде отурган куралсыз эл коргонуш үчүн колуна тийген буюм, отургучтар менен коргонушуп, ОМОНдорго каршылык көрсөткөндөй пикир туудурат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмабек Байтиков имараттан чыгарылган кары адамдар, аялдар жана жаш балдар даректери боюнча үйлөрүнө жеткирилгендигин, ал эми жаш жана орто жаш курактагы 153 адам өздүгүн тактоо үчүн убактылуу кармоо жайына жеткирилгендигин билдирди. Укук коргоочу Азиза Абдырасулова, нааразылык акциясынын лидерлери Дүйшөнкул Чотонов жана Анвар Артыков милиция тарабынан үч саатча кармалып, андан соң кайра кое берилгендигин телефон аркылуу кабарлады.
XS
SM
MD
LG