Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Ооганстанда 18-сентябрда парламентке шайлоо болот


Бириккен улуттар уюму менен Ооганстандын биргелешкен шайлоо комиссиясы кабарлагандай, ооган жеринде парламенттик шайлоону өткөрүү 18-сентябрга белгиленди. Бул күнү шайлоочулар парламенттин төмөнкү палатасын жана жергиликтүү ассамблеялардын өкүлдөрүн тандашат. Парламентке шайлоо былтыр эле октябрда президентти шайлоо менен бирге өткөрүлүшү керек эле, бирок коопсуздук жаатындагы коркунучтар жана айрым техникалык проблемалардын айынан улам артка жылдырып келген.

XS
SM
MD
LG