Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Израил Палестинага дагы бир шаарды өткөрүп берет


Израил эртең, дүйшөмбүдө, Палестинага Иордандын батыш жээгиндеги Иерихондон кийинки экинчи шаарды,Тулькарманы, өткөрүп берээри маалым болду. Бул тууралуу Израилдин Коргоо министри Шаул Мофаз билдирди. Эртеңден тарта Тулькармадан израилдик аскер күчтөрү чыгарыла баштайт. Министр жакынкы мезгилдерде палестиндерге Калкилия шаары да өткөрүлөөрүн айтты.

Палетинага Иордандын батыш жээгиндеги беш шаарды өткөрүп берүү тууралуу келишим Египетте февралда өткөн израил-палестин сүйлөшүүлөрүндө жетишилген.
Анын аралыгында бүгүн палестиналык экстремисттер израилдик полициянын бир кызматкерин жана үч аскерди атып, жарадар кылышканы маалым болду.

XS
SM
MD
LG