Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Жапонияда катуу жер титирөө болду


Жапониянын түштүгүндөгү Кюсю аралына жакында жерде катуу зилзала болду. Бир аял өлүп, кеминде 250 адам жарадар болгону кабарланууда. Жер титирөөнүн күчү Рихтер шкаласы боюнча 7 баллга чейин жеткен.

Жергиликтүү бийликтер кабарлашкандай, электр өткөргүч линиялары иштен чыгып, телефон байланышы үзүлүп калды, транспорттук каттамдар, поезддер токтотулган. Бир канча имараттар бузулуп, газ жана суу өткөргүч линиялары сынгандыгы кабарланып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG