Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Кондолиза Райстын Азия сапары соңуна чыкты


Бүгүн Кытайга келип, өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс “Евробиримдик Кытайга курал сатууга коюлган чектөөлөрдү алып салбашы керек” деп эсептейт, анткени “бул тынч-анлантикалык региондо күчтөрдүн тең-салмактуулугун бузушу мүмкүн”.
Ал бул билдирүүсүн бүгүн Сеулдан Бейжинге жөнөөр алдында жасады.
Бейжиндеги сүйлөшүүлөрдө Райс Кытайдын өзөктүк курал программасы жана анын Тайвань менен алакасы талкууга алды.

- Албетте, тең салмактуулукту буза турган, же өзгөртө турган кандай гана аракеттер болбосун биздин тынчсыздануубузду жаратат. АКШ азия-тынч океан аймагында күчтөрдүн теңдигин сактоо максатында, регион экономикалык жана демократиялык нукта өнүгүүсү үчүн өзүнүн аскерий күчтөрүн модернизациялап, колдойт, - деди АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс Бейжинде сүйлөгөн сөзүндө.

Кытай - Райс айымдын Азия сапарындагы акыркы өлкө.
Бир канча күн мурун Кытайдын элдик депутаттары өз жыйынында сепаратизм тууралуу мыйзамды кабыл алышкан. Ага ылайык эгерде Тайвань көз-карандысыздыкка умтулуу аракетин көрсө, Кытай ага каршы күч колдоно алат. Кондолиза Райс Кытай жетекчилигин бул проблеманы тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG