Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Иракта согуш башталганына эки жыл болду


Бүгүн Ирактын ар кайсыл шаарларындагы жардыруулардан сегиз адам набыт болду. Түндүктөгү Мосул шаарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жергиликтүү департаменттин башчысы, генерал Валид Кашмуланы өлтүрүп кетишти. Байжи шаарында бир түркиялык айдоочу, ал эми Самаррада полиция кызматкери, Басрада көчөдөгү жардыруудан бир ирактык тургун, ал эми Киркукта америкалык аскер өлгөн.
Бул окуялар Ирак согушунун эки жылдыгына туш келип калды. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Ирак согушунун экинчи жылдыгына карата согушка каршы демонстрациялар өтүп жатат.
Бүгүн Малайзияда өткөн демонстрациянын катышуучулары Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен АКШнын президенти Жорж Бушту “Каргыш ургур Блэр, каргыш тийгир Буш!” деп кыйкырып жатышты.

АКШ жана анын союздаштары Ирактан өз аскерлерин чыгарып кетүүсүн талап кылган ири демонстрациялар ишембиде АКШда, Британияда, Польша менен Италияда жана Швеция менен Түркияда, ошондой эле Жапония менен Бразилияда өтүп, ага он миңдеген адамдар катышкандыгы айтылып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG