Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

Нааразылык акция катышуучулары Аскар Акаевдин кызматтан кетирүүсүн талап кылышууда


БИШКЕК. Жалалабад облус борборунда чогулган элдин саны барган сайын көбөйүп, 20-март кечки саат жыйырмада 30 миңден ашып кеткендиги кабарланды. Эл тарабынан шайланган областтык кеңештин төрагасы Жусупжан Жээнбековдун айтымында, Бишкек убактысы боюча кечки саат жетиге карата Ички иштер башкармалыгына караштуу паспорт бөлүмдүн имараты толук күйүп бүттү. Ошондой эле Жалалабад областтык аэрпорту элдин колуна өттү. Жалалалабад обласына баруучу авто жолдорду тосуу үчүн атчандардан турган топ түзүлдү. Нааразылык акция катышуучулары мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызматтан кетирүүнү, ЖК үчүнчү чакырылышынын депутаттарын кезексиз сессиясын чакырып, өлкөдөгү кырдаалды талкуулоону, Жалал обад областтык бийлик жетекчилерин кызматтан алууну, 20-март таңга маал милиция тарабынан кармалган атуулдарды тез аранын ичинде бошотууну сыяктуу талаптарды коюшууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG