Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Нааразылык иш чараларына каршы ок атылды


БИШКЕК. Жалалабаддагы наарызылык акциясынын катышуучуларына тартип коргоо кызмат өкүлдөрү тарабынан ок атылды. Үч адам жеңил жараат алышты. Бул тууралуу Жалалабад областтык элдик кеңешинин төрагасы Жусупжан Жээнбеков телефон аркылуу буларды маалымдады:
- Ок атылып үч адам жарадар болду. Бир адам желкесинен, бир адам колунан, бир адам бутунан жарадар болду. Желкесинен жарадар болгон атуул ооруканага жеткирилди.
Ошондой эле Жусупжан Жээнбеков ушул эле күнү милиция кызматкерлеринин бир бөлүгү эл тарабынан өтүп кеткендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG