Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

30 миңдей адам нааразылык иш чарасына чыкты


БИШКЕК. 20-март күнү 30 миңден ашуун адам Жалалабад облас борборуна нааразылык иш чарасына чыкты. Нааразылык акция катышуучуларын тосууга аракет кылган милиция кызматкерлери качып кетүүгө аргасыз болушту. «Азаттык» радиосунун дубандагы кабарчысы Рыспай Абдраимовдун кабарлоосуна караганда, топтошкон эл ички иштер министрлигинин областтык башкарма имарат жанына келгенде милиция кызматкерлери тарабынан асманга ок атылды. Ага жооп кылган карапайым эл ички иштер башкармалыгынын имаратынын айнек терезелерин таш менен уруп талкалашты. Имараттан өрт чыкты.
Он тогузунан жыйырманчы мартка караган түнү таңкы саат беш жарымдарда тартип коргоо орган кызматкерлери Жалалабад жана Ош областтык акимчилик имараттарын нааразылык акциянын катышуучуларынын колунан күч менен бошотушкан. Имараттын ичиндеги атуулдар ур токмокко алынып, бир нече адам ооруканага жаткырылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG