Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Чет өлкөлүк кыргыздар оппозицияны колдоп нааразылык иш чарасына чыгышаарын малымдашты


БИШКЕК. Кыргызстандагы соңку мезгилдери түзүлгөн саясий кырдаал-мамлекет башчы Аскар Акаев жүргүзгөн реформалардын ишке ашпай кыйроого учурагандыгынын белгиси. Мындай мазмундагы билдирүүнү 20-мартта «Арнамыс» партиясынын АКШ дагы өкүлчүлүгү жасады. Ошондой эле билдирүү ээлери Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлиги соңку парламенттик шайлоону адилет өткөрбөгөндүгүнөн улам жер-жерлерде нааразылык акциялары башталгандыгын айтышып, бардык атуулдарды өз укуктарын мыйзамдуу коргоп калууга чакырышкан. Ушул эле күнү чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандык атуулдар кыргыз оппозициясын колдоп Нью-Йорк, Вашингтон, Чикаго, Москва, Лондон шаарларында нааразылык акциясына чыгыша тургандыгы малымдалды. Мындай маалымат учурда чет өлкөлөрдө жашап иштеп жүргөн Улан Мелисбек аттуу атуулдун интернет дарегинен таратылды.

XS
SM
MD
LG