Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:22

НАРЫНДА ЖАНА ЧҮЙДӨ КАРШЫ ДОБУШ БЕРГЕНДЕР АЗ БОЛДУ


20-мартта №33 Нарын, №59 Чүй шайлоо округдарында парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Бул эки округда шайлоо соттук териштирүүлөргө жана округдук шайлоо комиссиясынын чечимине байланыштуу 13-мартта өтпөй калган.

Шайлоо күнү №33 Нарын шайлоо округунан шайлоочулардын 56,56%, №59 Чүй шайлоо округунан шайлоочулардын 52,12% добуш беришти. Бул шайлоодо Чүй шайлоо округу боюнча талапкерлер Керимкулов Айдарбек менен Шаботоев Руслан, Нарын шайлоо округу боюнча талапкерлер Самаков Карганбек менен Молдогазиев Эркинтур ат салышты. Округдук шайлоо комиссияларынын түнкү саат 12.00ге карата чыгарган болжолдуу маалыматы боюнча №33 округдан Карганбек Самаков, №59 округдан Айдарбек Керимкулов алдыда баратат. Ал эми талапкерлердин баарына каршы добуш бергендердин саны Нарында экинчи, Чүйдө үчүнчү орунда. Округдук шайлоо комиссияларынын маалыматтарына караганда, участкалык шайлоо комиссияларынын басымдуу бөлүгүндөгү добуштар эсептелип, протоколдор түзүлүп бүттү.

Добуш берүүгө көз салган байкоочулардын баамында парламенттик шайлоонун биринчи айлампасында байкалган мыйзам бузуулар кайталанды. Эки округга жүзгө жакын байкоочу койгон «Демокартия жана жарандык коом үчүн» коалициясы өз байкоолорунун тыянагын 21-мартта чыгарарын билдиришти. Шайлоонун жүрүшүндөгү байкоолор тууралуу укоалициянын президенти Эдил Байсалов мындай деди:

- Шайлоо туура эмес, ыплас технологиялар менен өтүп атат. Эми буларга көнүп деле калдык. Массалык түрдө арак таратуу, 150-250 сомдон акча таратып, ачыктан ачык эле ар бир шайлоо участкасынын тегерегинде ушундай адамдар турушат.

Бул эки участокто мындан тышкары шайлоого катышкан талапкерлерге каршы добуш берүүгө үндөгөн баракчалар таратылгандыгы да байкоочулар тарабынан мыйзам бузуу катары катталган. Бул үндөөлөр добуш сатып алды деп айыпталып сот аркылуу четтетилген Туратбек Андашевдин жана үгүт иштерин эрте баштады деген арыздын негизинде БШК аркылуу четтетилген Ишенбай Кадырбековдун тарапкерлери тарабынан таратылгандыгы айтылууда.

Шайлоонун экинчи айлампасынан четтетилишин атайын жасалган аракет деп эсептеген эки экс-талапкер буга чейин Жогорку Сотко чейин кайрылып, бирок, майнап чыгара алышкан жок. Ал эми алардын шайлоочулары нааразылык чараларын байма-бай уюштурушту. Акыркы ирет ишемби күнү Андашевдин шайлоочулары Жогорку Соттун алдына чыгышып, 20-марттагы шайлоодо жарышка чыккан кийинки эки талапкерге тең каршы добуш берерин убада кылышкан:

- Биз токтобойбуз. Мына бул шайлоодо «против всехти» чиебиз. Биз токтобойбуз. Өткөндө 7700 киши чыкты беле? Андан да көп чыгат мында. Биз Ошто болуп жаткан нааразылыктарга кошулабыз.

Мыйзам боюнча каршы добуш бергендер көпчүлүктү түзгөн шартта шайлоо кайра өтүп, ага башка талапкерлерге (анын ичинде шайлоодон сот аркылуу чыгарылгандарга да) катышууга жол ачылмак.
Парламенттик шайлоодо бардык талапкерлерге каршы добуш берүү укугунан биринчи жолу 27-февралда кочкордук шайлоочулар пайдаланышкан. Ушундай эле кадамга барарын Тоң шайлоо округунун талапкерлери да белгилеп жатышат. Бирок, талапкердиктен сот аркылуу четтетилген Арслан Малиевдин шайлоочуларынын нааразылык чараларынан улам болбой калган шайлоо Тоң шайлоо округунда качан өтөрүн БШК айта элек. Ал эми талапкер Турдакун Усубалиевдин арызына ылайык каршы чыккан шайлоочулардын добуштары жокко чыгарылгандан кийин Кочкордо шайлоо болор-болбосу арсар болууда.

Айрым участокторунда шайлоо болор ыктымалдыгы бар округдар катары БШК Алай жана Куршаб округдарын да атоодо. Жакында бул округдардан Адахам Мадумаров менен Марат Султановдун миңдеген шайлоочулары көчөгө чыгышкан. Парламенттик шайлоонун биринчи айлампасынан тарта тигил же бул талапкерди жактаган шайлоочулардын массалык нааразылыктарын расмий бийлик буга чейин жеңилген тараптын ызасы катары баалап, парламенттик шайлоону жалпысынан мыйзам чегинде өттү деп баалаган. Бирок, акыркы күндөрү парламенттик шайлоого наараызылктардан улам Кыргызстан аймагында кырдаал курчуп кеткендиги белгиленүүдө. Айрым байкоочулар ушундай жагдайда парламенттик шайлоонун таза өткөндүгүнө ишенүү мүмкүн болбой калды деп эсептешүүдө:

- Бир топ күндөн бери болуп аткан окуялар олуттуу бир нерсени далидеди деп айтса болот, - деди саясатчы Кубатбек Байболов, - Шайлоонун акыйкат болбой калганыннын далили. Бүгүнкү күндө добуштар сатып алынган жок, администраивдик ресурстар пайдаланылган жок, бурмаланган жок деп эч ким айта албай калды менимче. Жалпылап айтканда, бул шайлоону акыйкат деп айта албай калдык.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG