Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Жалалабат облакимчилиги кайра элдин колуна өттү


20-мартта Жалалабат шаарындагы кырдаал чукул өзгөрдү. Таң эртең менен Бишкектен келген кошумча күчтөрдүн жардамы менен облустук акимияттын кеңсесин нааразылык чарасын өткөрүп жаткандардан кайтарып алган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бир нече сааттан соң бул кеңсени кайрадан шашылыш таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду. Соңку маалыматтарга караганда, саны 40-50 миңге чукулдаган демонстранттар облустук акимияттын кеңсесин гана эмес, шаардагы аба майданын да өз колдоруна алышкан. Нааразылык чарасын өткөрүп жаткандар, өздөрүнө каршы ок чыгарган жергиликтүү милиция кызматкеринин иш-аракетинен улам шаардагы ички иштер бөлүмүнүн кеңсесин өрттөп жиберишти.

Алар мурдагыдай эле президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин, ошондой эле "демократиялуу эмес жана жапатырмак бурмалоо жолу менен өткөрүлдү" деп оппозиция курч сынга алган соңку парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышын талап кылышууда.

Укук коргоочулардын айтымында, Оштогу жана Жалалабаттагы таңкы капысынан жасалган чабуулдун айынан ондогон бейкүнөө жана куралсыз кишилер оор жаракат алышкан жана белгисиз сандагы демонстранттар камакка алынган. Алардын арасында дайыны чыкпай жаткан кишилер да арбын дешет укук коргоочулар.

Бери дегенде төрт киши полиция менен тандалма аскерлердин колунан набыт болду деген каңшаарды жергиликтүү бийликтер төгүнгө чыгарууда. Көз карандысыз булактар аркылуу бул кабар тастыктала элек.

Ал эми Талас шаарында жана Токтогул, Кочкор сыяктуу чакан шаарчаларда нааразылык чарасын өткөрүп жаткандар дагы эле облустук жана райондук акимияттардын кеңселерин ээлеп турушат.

XS
SM
MD
LG