Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: "АСКАР АКАЕВ КАЯКТА ЭКЕНИ ТУУРАЛУУ ТАК МААЛЫМАТЫМ ЖОК"


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстан элдик биримдигинин жетекчиси Курманбек Бакиев өлкөдөгү саясий кырдаалга баа берди. Президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков Улуттук телеканал аркылуу айтканга караганда Бакиев менен бийлик сүйлөшүү өткөргөн жок. Курманбек Бакиевдин айтымында учурда бийликти эл колго алган түштүк дубандарда кырдаал башкарылбай турган чекке жетип калды.

Ош менен Жалалабат дубандарында бийлик көтөрүлгөн элдин колуна өттү. Курманбек Бакиевдин пикиринде, бул эки дубанда кырдаал башкарылбай турган чекке жетип калды. Анын айтымында, тез арада Аскар Акаев оппозиция менен, эл менен сүйлөшүүгө барышы керек.

Эртең менен улуттук телеканал аркылуу Болот Жанузаков менен Осмонакун Ибраимов сүйлөдү. Алардын айтымында, оппозициялык саясатчылар, анын ичинде Курманбек Бакиев сүйлөшүүлөргө баруудан телефон аркылуу баш тартышкан. Бирок Курманбек Бакиев бул карандай калп деп билдирди.

Элдик биримдиктин лидеринин айтымында, Акүйдөгү чиновниктер өздөрү сүйлөшүүлөргө барууга ашыгышкан жок. 20-мартта оппозиция өкүлдөрү АКШ, Германия элчилерине жана ЕККУнун Бишкектеги кеңсесине кайрылып, аларды бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүлөргө барышына ортомчу болуп берүүсүн суранган. Бирок Болот Жанузаковдун элчилерге берген жообуна караганда Аскар Акаев учурда сүйлөшүүлөргө даяр эмес.

Соңку күндөрү интернет-баракчаларда Аскар Акаев Кыргызстанда эмес деген маалыматтар пайда боло баштады. Анын үстүнө жылыга Нооруз күнү Алатоо аянтында сөз сүйлөчү Аскар Акаевдин майрамдык куттуктоосун төрт күн мурда эле КТР аркылуу журналист Нурдин Мотуев окуп берген. Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин каякта экенин тууралуу маалыматы жоктугун айтты:

- Аскар Акаев азыр Акүйдө жатабы же дачасындабы - мен билбейм. Бирок Ноорузда элди өзү биринчи жолу куттуктабай калып отурат. Андан кийин Болот Жанузаков президент элчилер менен сүйлөшүүлөргө даяр эместигин айтты. Ушул кырдаалдардан улам ар кандай жыйынтык чыгара берсе болот. Бул жерде чоң маселе бар, бирок чынында Акаев каякта экени тууралуу так маалыматым жок.

Бирок президенттин маалымат кызматы Аскар Акаев өз иш ордунда экенин, эч жакка кетпей тургандыгын билдирип жатат.

Курманбек Бакиевдин айтымында, оппозиция өкүлдөрү башка эч ким менен эмес, Аскар Акаевдин өзү менен гана сүйлөшүүгө барышат. Аскар Акаев менен маңдай-тескей отурганда оппозиция алгач Акаевдин отставкасын талап кылган элдин мүдөөлөрүн билдиришет.

Аскар Акаевдин отставкасынан кийин өкмөттүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Жогорку соттун кызматтан кетиши тиземеде турат. Эгер президент эң биринчи талапты күн тартибинен алып таштап сүйлөшүүнү гана эп көрсө, анда оппозиция башка талаптар кандай аткарылаарын байкап көрөт.
Элдик биримдиктин мүчөсү Топчубек Тургуналиев сүйлөшүүгө барганга Аскар Акаевдин эрки жетпейт деген ойдо:

- Аскар Акаев сүйлөшүүгө барбайт, ага эрки жетпейт. Оппозициянын алгачкы талабы - Аскар Акаевдин кызматтан кетиши да. Демек, эгер сүйлөшүүлөр ишке аша турган болсо, Аскар Акаев эл алдына барышы керек. Аксы окуясындагыдай кан төгүүгө жол бергенин моюнга алып, элден кечирим сурашы керек. Андан кийин кызматтан кетээрин ырасмий түрдө жарыялашы керек. Буга анын жигиттик да эрки жетпейт. Ага азыр өлкөдөн кетүү жолу гана калды. Жан-жөкөрлөрү бекинтип коюп, биякты өзүбүз жайгарабыз деп кеңеш берип атышат окшойт.

Маалымат жыйында Курманбек Бакиев кырдаалдын мынчалык курчушуна бийликтин элди тоготпостугу түрткү болду деген ойдо. Окуя 4-март күнү Жалалабат губернаторунун элге кекээр жана орой мамиле кылганынан башталган.

Курманбек Бакиевдин айтымында, 4-март күнү шайлоого нааразычылыгын билдириш үчүн барган элди губернатор кабыл алмак турсун кемсинтип, орой мамиле менен шаабайларын суутуп, элдин кыжырын кайнаткан.

Алгач эл дубан губернатору жана мэрдин отставкасын гана талап кылган. Элдин алгачкы мындай талаптарын жана Аскар Акаевдин эл алдына келсин деген өтүнүчүн Акүй кулактын сыртынан кетирди.

Курманбек Бакиевдин оюнча, эми мындан аркы кырдаал Аскар Акаев кандай чечим кабыл алаарына көз каранды. Анын айтымында, бул окуялардан каза болгондор жок. Бирок 24 жарадар адамдын үчөө оор абалда. Эки адамга ок тийген, бир аял болсо газга ууланган.

XS
SM
MD
LG