Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

ЖАЛАЛАБАТТА МИТИНГ УЛАНУУДА


Жалалабат облустук бийлигинин маңдайында 21-мартта президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү талабы менен өткөн митинг азыркы бийликтин кемчиликтерин кескин сынга алды. Жалалабат, Ош облустарындагы бийлик жана күч органдары эл тарабына өткөндүгү белгиленип, азыркы бийликти колго толук алуу үчүн алдыда чоң милдеттер тургандыгы белгиленди

Президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү талабы менен облбийлик алдында болгон митингге Жалалабат, Ош, Талас облустарынын, Бишкек шаарынын өкүлдөрү катышты. Рашид Сулаймановдун ырасташынча, нааразылык акциясына чыгууга элди өлкөдөгү оор турмуш мажбурлады:

- Кыргыздардын баардыгы Орусияда тентип жүрөт азыр. Бул жерге үйүндө наны жоктор келди. Жер айдалбай турат. Себеби акча жок, көкмай 16 сом, селитра 7 сом. Ошон үчүн эл келип атат.

Митингдин жүрүшүндө коомдук тартип менен коопсуздукту сактоо максатында ыктыярдуу кошуундар түзүлдү. Ички иштер кызматкерлер менен жоокерлер облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчылары эл тарабына өткөндүгүн өздөрү билдиришти. Коомдук тартип сакчыларынын мындай чечимин милициянын подполковниги Исабек Мырзажанов жар салды:

- Биз эл тарапка өттүк, силер менен биргебиз. Бул жерде биздин кызматкерлер кечеги окуядан кийин катышпайбыз деп, кызматтарын таштап, бул жерге келишти. Жалалабатта кызмат кылган киши жок.

Жаңы парламенттин депутаты Баяман Эркинбаев 20-мартта митингчилерди уруп-сабаган атайын кызматтагы жоокерлердин зөөкүрдүгүн айыптап, алдыда кыйла милдеттер тургандыгына токтолду:

- Ошто акмак ОМОНдор аталарыбыздын, апаларыбыздын буту-колун сындырышты. Ошолорду көрүп туруп бүгүнкү күндөгү мыйзамдын зордуктугуна чыдабастан мен элге ачык чыктым. Эл үчүн керек болсо мен өзүмдүн башымды сайып койдум. Элге өкүмдарлык кылгандарды эртеби, кечби элдин астына биз жооп бердиребиз.

«Аскар Акаевге отставка, эл үчүн реформа» кыймылынын Жалалабат облустундагы башысы Медер Үсөновдун айтымында, кыймыл элден алыстаган бийликтин баарына каршы чыгат:

- Эгер башка бийлик келип, дагы элге ушундай кордук көрсөтсө, мен ал бийлик үчүн башымды сайып эл үчүн күрөшөм. Акаев кетсин! - деген анын чакырыгын митингге катышкан көптөгөн адамдар колдоп чыгышты. Митингде өнөрпоздор элди Нооруз майрамы менен куттукташып, өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG