Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Ооганстандагы парламенттик шайлоо сентябрь айына белгиленди


Парламенттик шайлоо быйылкы жылдын 18-сентябрына белгиленгенин кечээ БУУнун жана Ооганстандын биргелешкен шайлоо комиссиясы билдирди. Бул күнү ооган калкы парламенттин төмөнкү палатасы менен жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлайт. Шайлоо өтчү мөөнөт коопсуздукту камсыз кылуудагы проблемалар жана техникалык кыйынчылыктарга байланыштуу кийинкиге калтырылып келген эле. Алгач парламенттик шайлоону былтыр сентябрда президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү пландалган.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.

XS
SM
MD
LG