Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

"Хьюман Райтс Уочт" уюму Евробиримдикти сынга алды


"Хьюман Райтс Уочт" Евробиримдикти БУУнун Адам укуктары комиссиясынын быйылкы жыйынында Чеченстанга байланыштуу Орусияны айыптабоону чечкени үчүн сынга алган. Уюмдун билдирүүсүндө Евробиримдиктин чечими "таң калыштуу" жана "адилетсиз " экени айтылат. Евробиримдик соңку жылдары БУУнун Адам укуктары комиссиясынын жыйынында орус аскерлеринин Чеченстандагы укук бузууларын айыптагандардын көч башында болчу. Комиссиянын жылдык жыйыны бул күндөрү Женевада өтүүдө. "Хьюман Райтс Уотч" өзүнүн жаңы отчетунда Орусиянын коопсуздук күчтөрү Чеченстанда "адамзатка каршы кылмыш жасоосун" улантып жатат деп ырастоодо. Уюмдун маалыматына караганда, азыркы согуш башталган 1999-жылдан бери Чеченстанда миңдеген адамдар дайынсыз жоголгон.

XS
SM
MD
LG