АКШ армиясынын билдиргенине караганда, козголоңчулар кечээ жок кылынды. Окуя Багдаддын чет жакасында, козголоңчулар америкалык аскерлерге кол салган соң болду. Ушул эле күнү түрдүү кол салуулардан Иракта башка он адам да каза тапкан. Ал эми мунун аралыгында Иракка кол салынгандыгынын эки жылдыгы менен байланышкан демонстрациялар кечээ Малазияда, Австралияда жана башка өлкөлөрдө өттү. Мурдагы күнү ушундай эле мүнөздөгү нааразылык акциялар Европа менен Түндүк Америкада да болгон.