Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

ОШТО НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫ УЛАНУУДА


Кубанычбек Жолдошев, Ош 21-март күнү президент Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылып толкуган эл экинчи ирет Ош облустук акимчилигин, шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарынын имараттарын жана башка бир катар мамлекеттик маанидеги объектилерди элдик бийликтин колуна алышты. Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын өздүк курамдары эл тарабына өтүшкөндүгүн ырасмий түрдө билдиришти.

Түшкү саат он бирден өтүп шаардын Новаи гүлбагына чогулган эл Ош облустук акимчилигинин имаратын көздөй агышты. Демонстраттардын айрымдары күч органдарынын чабуулунан коргонуу максатында күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр менен жана таяктар менен куралданып алышкан. Нааразылык акциясынын катышуучулары жол боюнда жайгашкан дүкөндөргө жана башка жеке менчик курулуштарга тийишкен жок.

Он миңге жакын элдин агымы облустук акимчиликтин жанына жакындаганда аны кайтарып турушкан күч органдарынын кызматкерлери качып кетишти. Андан соң демонстранттар Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын имараттарына барышып, терезелерине таш, бөтөлкө ыргытышты.

Бирок Өмүрбек Текебаев сыяктуу оппозициялык лидерлер мындай башаламан аракеттерди токтотуп калганга жетишишти. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орунбасары Эркин Эсеналиев шаардык жана облустук милициянын өздүк курамдары эл тарабында экенин ырасмий түрдө жарыя кылды:

- Ош шаарынын, Ош облусунун милициялары элдик милиция, мыйзамды, тартипти сактачу милиция. Бүгүн күн улуу күндөрдүн бири экен, жаз майрамында турабыз, ушул күндөн баштап сиздер менен бирдикте мыйзамдуулукту, биримдикти, тартипти, ынтымакты сактаганга киришели.

«Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Оштогу жана Жалалабаттагы элдин толкушуна ырасмий бийликтин өкүлдөрү өздөрү себепчи болгон деген пикирин билдирди:

- Бул болчу иш эле. Анткени бийлик, Осмонакун Ибраимов азыркы мезгилге чейин калпты айтып, Аксы каргашасындагыдай, кайта элди күнөөлөп атат. Экинчиден, Алишер Токсонбаев экөөбүз ооруканага барсак көптөгөн адамдар «Альфа» деген атайын даярдыктан өткөн топтун чабуулунан жапа чегиптир. Башынан жаракат алган, буттары сынган балдар эмдигиче ооруканадан жардам ала албай атат. Башкы дарыгердин орун басары Нуралиевге келип ошол балдардын тизмесин бериңиз десек, так Аксыдагыдай кылып чек коюп атат.

Нааразылык акциясынын катышуучулары он эки күндөн бери президент Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылып жатышат. Алар 20-марттын таңында акимчиликтин ичиндеги эки жүздөн ашуун адамды уруп алып чыкканга жол бергендиги үчүн президент Акаев бийликтен гана кетпестен, камалышы керек деген жаңы талапты коюша тургандыгын жарыя кылышты:

- Акаев отставкага гана кетпестен камалышы да керек. Акаев камалсын! - деди Акаевди бийликтен кетирүү боюнча Ош облустук штабынын мүчөсү Мурадыл Бакашов.

Жаңыдан түзүлгөн Ош облусу боюнча Элдик башкаруу кеңешинин төрагасы Анвар Артыков элдик бийликти калыбына келтирүүдөгү алгачкы кадамдар тууралуу пикирин мындайча билдирди:

- Биринчи кырдаал ушунча элди башкарып алышыбыз керек. Анан өзүбүздүн структурабызды тактап алышыбыз керек. Элдик бийликтин мүчөлөрү менен сүйлөшүп, чечебиз.

Ал эми элдин арасында жүргөн «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жалалабатта жана Ошто түзүлгөн саясий кырдаал бир кыйла татаал деген оюн ортого салды:

- Кырдаал өтө татаал. Кырдаалды эч ким контролдой албайт. Бийлик көзөмөлдөгүсү келген жок. Ал эми жаңы уюшулган Элдик штаб бүгүнкү кырдаалды колуна алганга аракет кылып жатат. Бирок өзүңүздөр көргөндөй - бул өтө татаал иш. Анткени стихиялуу чогулган эл массасын башкарыш кыйын.

Кечки саат бештен өтүп эл толкуну Ош аба майданы көздөй багыт алып, жарым сааттын ичинде аэропортту элдик бийликтин колуна алууга жетишишти.

XS
SM
MD
LG