Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Карзай табигый кырсыктан жабыркаган аймактарга жардам берүүгө чакырды


Урузган вилайетинде нөшөрлөгөн жамгыр менен кардын эришинен улам суу каптап, 200гө жакын киши набыт болду. Нооруз майрамына арналаган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө президент Карзай:

- Ар бир айыл-кыштактын, ар бир вилайеттин тургундары кызматташып, бардыгыбыз биргелешип өз күчүбүз менен табигый кырсыктын кесепеттери менен күрөшөбүз, -деди.

БУУ суу каптаган чөлкөмдөргө жардамын жиберип жатат. Бул кырсыкка карабай Кабулдун көчөлөрүндө майрамдык музыка жаңырып, эл Ноорузду белгиледи.

Румынияда болсо суу каптоодон эки киши ажал тапты. Айлана чөйрө жана суу чарба министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктан 98 шаар кыштак жапа чекти. Ондогон көпүрө, жолдор талкаланды. Миңдеген турак-жай, дыйкан чарбалар суу астында калды.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Айнура Жекше кызы Прагадан даярдады.

XS
SM
MD
LG