Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Буш атайын мыйзамга кол койду


АКШ президенти Жорж Буш мээсине зака кеткен аялдын өмүрүн узартууга жол ачкан атайын мыйзамга кол койду. 41 жаштагы Терри Шиавонун иши азыр бүтүндөй Американын көңүлүн өзүнө бурдурду. Флорида штатынын тургуну Терри 15 жылдан бери медициналык жабдыктардын жардамы менен өмүр сүрүп келаткан. Жума күнү сот аталган аппараттар өчүрүлүп салсын деген чечим чыгарды. Мындай арыз менен сотко анын күйөөсү Майкл кайрылган. Жаңы мыйзамга ылайык Терри Шиавонун укугун коргоо боюнча арыздар федералдык сот тарабынан каралат.

XS
SM
MD
LG