Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Эл Базаркоргон, Ноокен райакимчиликтерин ээлешти


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин жана жергиликтүү бийлик ээлеринин кызматтан кетишин талап кылган 60 чамалаш адам кайрадан Базаркоргон райондук администрация имаратын ээлеп алышты. Райондук бийликтин имаратын 16-мартта ээлеген 200 чамалаш шайлоочуну 20-мартта милициянын атайын отряды сүрүп чыгарган. «Атамекен» саясий партиясынын жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин маалыматы боюнча райондогу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн кайда экендиги азыр белгисиз. Түшкө жакын Ноокен райондук бийлигинин имаратын 100гө жакын адам ээлеп алышты. Алар Жалалабат жана Ош облустарында президент Аскар Акаевдин кетишин талап кылган акцияларды колдошоорун билдиришти. Элдик бийликке өтүү боюнча Ноокен районунда координациялык кеңеш түзүлдү.

XS
SM
MD
LG