Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Координациялык кеңеш тартип коргоо кызматкерлерин эл тарапка өтүүгө чакырды


БИШКЕК. «Мамлекет башчы Аскар Акаев жана анын тегерегиндеги жогорку бийлик өкүлдөрү соңку он жылдан ашуун мезгилде топтогон байлыктарын сактап калуу максатында тартип коргоо кызматкерлерин 20-мартта элге каршы багытташты». Мындай мазмундагы билдирүүнү курамына Кыргызстан элдик кыймылы, «Атажурт», «Жаңыбагыт» саясий бирикмелери жана башка белгилүү саясатчылар кирген Эл биримдиги координациялык кеңеши таратты. Ошондой эле билдирүү ээлери өлкөнүнУлуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер, Коргоо министрликтеринин кызматкерлерине жана жалпы эле коомчулукка кайрылып, аларды эл тарабына өтүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG