Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы билдирүү таратты


БИШКЕК. Кыргызстанда саясий кризистин жаралышына соттордун акыйкатсыз чечимдери, мамлекеттик бийликти жана бюджеттик каражаттарды пайдалануу аркылуу шайлоо жараяндарына ашынган кийлигишүүлөрү себепкер. Мындай билдирүүнү 21-мартта «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы таратты. Бийликтин шайлоо учурундагы саясаты нааразы элдин көчөгө чыгышын шарттады. Ошондуктан бийлик элдин нааразылыгын күч менен басууга болорунан же наарызылыктардын азайышынан үмүт кылбашы керек деп айтылат билдирүүдө. Коалиция жагдайды жөнгө салуу үчүн Жогорку Кеңештин кош палатасынын чукул жыйынын чакырууну, ал аркылуу парламенттик шайлоого саясий баа берүүнү, Жогорку сот менен БШКнын эл ишенгидей жаңы курамын түзүүнү, мамлекеттин бир жактуу маалымат саясатын өзгөртүүнү, «Азаттык» радиосу чыккан толкунду калыбына келтирүүнү сунуш кылган. Коалиция ошондой эле кырдаалды курчутпаш үчүн ЕККУ, БУУ өңдүү эларалык уюмдардын бийик даражалуу өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келиши зарыл деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG