Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:36

КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеевди милиция кармап, кайра бошотту


БИШКЕК. КДК саясий партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеевди 21-мартта Бишкек шаардык ички иштер кызматы кармап, бир нече сааттан кийин кайра бошотту. Тартип коргоо кызматкерлери муну Кыргызстан элдик каймылына таандык баракча Жекшеевдин автоунаасынан табылды деген негиздеме менен кармаган. Саясатчынын айтымында, баракчада өлкөдөгү кырдаалга маалымат берилген жана анда Конституцияга каршы келе турган эч нерсе жок. Баракча таратып жүрөт деген негиздеме менен ушул эле күнү ички иштер кызматы жаштардын «Келкел» кыймылынын 4 өкүлүн жана Бишкектик башка дагы 4 тургунду кармашкан. Жекшеевдин билдиргенине караганда, акыркыларынын бошогон-бошобогондугу белгисиз. Бул фактылар боюнча шаардык ички иштер башкармалыгы маалымат тараткан жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG