Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Президент Акаев Жогорку соттун, БШКнын төрагалары менен жолугушту


БИШКЕК. Президенттин маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүнө караганда 21-мартта президент Аскар Акаев Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев менен жолугушуп, парламенттик шайлоону жыйынтыктап, Жогорку Кеңештин ишке киришүүсүнө шарт түзүп берүүнү суранды. Сулайман Иманбаев берген жообунда Куршаб жана Алай шайлоо округдарынан башка аймактарда шайлоо өткөндүгү тууралуу протоколдор даярдалып, жалпы республика боюнча тыянак чыгарууга чукул калганын белгиледи. Акаев айрыкча талаш-тартыш туудурган аймактардагы талапкерлерге байланышкан маселелерди дыкат иликтеп, ким күнөөлүү, чындык ким тарапта деген маселени териштирүүнү тапшырды. Президенттин мындай билдирүүсүн оппозициялык саясатчылар президент Аскар Акаевдин кезектеги жүрүшү катары баалап, мындай кадам азыркы түзүлгөн кырдаалды жөндөй албайт деп билдирди. Маселен, учурда Ош облусунда нааразы тарап менен бирге болуп жаткан депутат Өмүрбек Текебаев мындай парламенттин ишине катышуудан баш тартарын билдирди. Ал эми Кыргызстан элдик кыймылынын төрага орун басары Ишенгүл Болжурова президенттин бул билдирүүсүн парламентти чукул ишке киргизүү аракети катары баалап, президент оппозиция менен сүйлөшмөйүнчө саясий кырдаал курч бойдон калат деген оюн айтты.

XS
SM
MD
LG