Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Ош облакимчилигинин имараты элдин колуна өттү


БИШКЕК. 21-мартта Ош шаарына он миңден ашуун адам нааразылык иш чарасына чыгышып, областык администрация имараты кайрадан элдин колуна өттү. Топтошкон элди тосууга аракет кылган милиция кызматкерлери качып кетүүгө аргасыз болушту. Көп өтпөй милиция кызматкерлери ант беришип, эл тарабына өтүштү. Бул тууралуу нааразылык акциясына чыгышкан атуулдардын Ош обласындагы штабынын башчысы Дүйшөн Чотонов маалымдады:

- Областын жана шаардын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да өздөрүнчө чогулуш өткөрүшүп, эл тарапка өтүштү. Качып кеткен начальниктердин ордуна алардын орун басарлары жана элдин атынан бирден адам коюлду. Шаарда көзөмөлдүк кылыш, башаламандыкка жол бербеш үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын областтык бөлүмүнө, мэрияга пикетчилерден жана милиционерлерден кошуп көзөмөлдүк кылууну күчөтүп атабыз.

Нааразылык акциясынын катышуучулары мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG