Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

Бүгүн эртең менен саат жетилер чамасында белгилүү укук коргоочу жана саясатчы Топчубек Тургуналиев камакка алынган. Аны Бишкек ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармаган. Саат 12лер чамасында Топчубек Тургуналиев кайра бошотулду.

Укук коргоочунун өзүнүн "Азаттыкка" берген маалыматына караганда аны эртең менен Бишкектин "Спартак" стадионунда Бишкек ички иштер башкармалыгынын 3 кызматкери токтотуп, "генерал Дүйшөбаев сиз менен сүйлөшөм деп жатат" дешип, Бишкек ИИМине алып барышкан. Ал жерде тергөөчү Топчубек Тургуналиевге баракчаны көргөзүп, "ушундан кабарыңыз барбы?" дешкен.

Укук коргоочу ал баракчаларды биринчи ирет көрүп турганын айткан. Ал баракчада өлкөнүн келечегине кайдыгер эмес атуулдар перзидент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылган саясий жараяндарга кошулгула деп айтылган. Топчубек Тургуналиев Аскар Акаевдин бийликтен кетишин саясатчылар буга чейин эле ачык талап кылып келишкенин, мында эч кандай мыйзам бузуу жоктугун, атургай Акаевдин отставкасын талап кылган атайын уюм түзүлгөнүн да айткан. Ошондон кийин саясатчыны кое беришкен. Бул окуя боюнча Топчубек Тургуналиев саат 3тө маалымат жыйынын өткөргөнү жатат.

Өлкөдө болсо абал курч бойдон калууда. Ош, Жалалабат, Талас облакимчиликтеринин имараттары дале болсо элдин колунда.

Бүгүн түшкү саат экиде Бишкектин "Алатоо" аянтында бийликти жактаган митингди Ак үй уюштуруп жатат.

Бүгүн ошондой эле Бишкектин Свердлов райондук сотунда депутаттыкка талапкер Кабай Карабековдун арызы, Мелис Эшимкановдун арызы Октябрь райондук сотунда жана Тургунбек Кулмурзаевдин арызы да каралат.

Кечээ Орусиянын мамлекеттик думасы Кыргызстанга тынчтыкты сактоо күчтөрүн киргизүү маселесин карады.

Белгилүү нарколог, медицина илимдеринин доктору Жеңишбек Назаралиев президент Аскар Акаевдин отставкага кетишин талап кылып, саясий ачкачылык жарыялады.
XS
SM
MD
LG