Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Президент элге кайрылды


БИШКЕК. 22-мартта президент Аскар Акаев Улуттук телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылды. Анда парламенттик шайлоодо жеңилип калган айрым талапкерлер менен оппозиция өкүлдөрү Ош, Жалалабат облустарында элди нааразылык акцияларга чыгууга көкүтүп жатат деп билдирди. Грузия, Украина жана башка өлкөлөрдөгү окуялардан айырмаланып Кыргызстандагы нааразылык билдирген атуулдар имараттарды талкалап, тартип коргоо органдарынын кызматкерлерин токмоктоого барышты деди президент.

Ошондой эле Аскар Акаев эларалык уюмдар жана чет мамлекеттер оппозицияны мындай аракеттерге барбоого чакырганын, бирок оппозиция ага макул болбой жаткандыгын баса белгиледи. Оппозиция өкүлдөрү бийликтин сүйлөшүү жүргүзүү сунушуна иштиктүү жооп бере албай жатат деп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз жоктугун, президентти кызматтан кетирүүнү көчөдө митинг кылгандар эмес эл менен парламент чечээрин билдирип, жалпы өлкө элин сабырдуу болууга чакырды.

Ошондой эле оппозиция өкүлдөрүн элдин жашоосуна коркунуч келтирген мыйзамсыз аракеттерди токтотууга үндөдү.

Ал эми Оштогу элдик бийликтин жетекчилеринин бири Дүйшөн Чотонов президенттин бул жолку кайрылуусунда мурдагы көз карашынан айырмаланган жаңы ой жана кырдаалды жөнгө салуу ниетин айткан жок деп билдирди. Анын айтымында, бийлик оппозиция өкүлдөрүн сүйлөшүүгө чакырган сунуш киргизе элек жана элдин нааразылыгын басуу аракетин көрө элек.

XS
SM
MD
LG