Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Жалалабат облустук акимчилигинин алдында митинг уланды


ЖАЛАЛАБАТ. Митингге бул күнү 6 миңден ашык адам катышты. Анда президент Аскар Акаев кызматтан кетпей жатышы элдин толкундоосуна жана 20-мартта элди милициянын сабашынан 2 адамдын ок жеп, жарадар болушуна башкы себеп деп айтылды. Өлкө башчысын Югославиянын президенти Слободан Милошевич өңдүү эларалык сотко берип, мыйзам бузуулар менен коштолгон шайлоону жокко чыгаруу, саясий партиялардын парламенттик шайлоого катышуусу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунуштары айтылды. Жаңы парламенттин добушу менен бийлик облуста өзгөчө кырдаал жарыялап, армияны киргизүүсү мүмкүн экендиги белгиленип, митингдин катышуучуларын бийликти кулатуу чакырыгынан кайтпоого чакырышты. Парламенттин 3 депутаты элдик бийликтин казынага 85 миң сомдук жардамын кошушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG