Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Конституциялык соттун судьясы кайрылуу менен чыкты


БИШКЕК. 22-мартта Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов президентке, сот, тартип коргоо органдарына жана мамлекеттик кызматкерлерге кайрылуу жолдоду. Анда президент Аскар Акаевдин шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон элдин толкуусуна көңүл бурбаган кайдыгерлиги мамлекеттин пайдубалын кулатууга алып барышы мүмкүн экендигин эскертип, шайлоодогу мыйзам бузууларга бийлик күнөөлүү экендигин моюнга алуусу зарыл деп билдирди. Андан тышкары президент оппозиция жетекчилери сүйлөшүүгө милдеттүү жана президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылган эл менен жолугушуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми тартип коргоо жана судьяларга жолдогон кайрылуусунда нааразы болгон элдин укугун коргоп, берген анттарына бекем турууга аларды чакырды.

XS
SM
MD
LG