Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Оппозициячыл саясатчылар суракка алынып жатат


БИШКЕК. 22-мартта жети милиция тарабынан күч колдонуу менен кармалып кеткен «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевге Бишкек ИИМинде сурак берип чыкты.

Бишкек ИИМи «Кылмыш жаза» кодексинин үч беренеси - 28-, 295- жана 297-беренелери боюнча (бийликти күч менен тартып алуу) кылмыш ишин ачкан.

Эмил Алиев менен бирге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында «Арнамыс» партиясынын дагы бир активисти Абдысапар Баялинов да сурак берди.

22-мартта белгилүү оппозиционер Топчубек Тургуналиев да кармалып, кийин кайра бошотулган. «Асаба» партиясынын активисти Дөөлөт Нусупов да Бишкек милициясы тарабынан кармалып, суракка алынып, кийин кайра бошотулду.

XS
SM
MD
LG