Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Оппозиция лидерлеринин бири Орусия жетекчилигине кайрылды


БИШКЕК. 22-мартта Кыргызстан элдик биримдиги координациялык кеңешинин төрагасы Курманбек Бакиев Орусиянын президенти Владимир Путинге, Мамлекеттик Думанын төрагасы Борис Грызловго кайрылуу жиберди. Анда кыргыз бийлиги өзүнүн элге каршы табиятын көрсөтүп, куралсыз адамдарга милициянын атайын кызматынын жоокерлерин салышканы айтылган. Кырдаал күн сайын татаалдашып, жалпы Борбор Азия аймагында тынчтыкка коркунуч келтирүүдө. «Координациялык кеңеш, Сизден абалды обьективдүү баалап, аны турукташтырууга салым кошууңузду өтүнөт», деп жазылган кайрылууда.

XS
SM
MD
LG