Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Бийликти колдогон митинг өттү


БИШКЕК. 22-мартта Бишкектин борбордук «Алатоо» аянтында азыркы бийлик менен президент Аскар Акаевди колдогон митинг болду. Ага борбордогу бардык мекеме, ишканалардын кызматкерлери, окуу жайлардын 10 миңден ашуун студенти катышты. Митингге келгендер «Президент Аскар Акаевдин бийлигин колдойбуз!», «Бишкек демократияны колдойт, анархияга каршы» деп жазылган транспаранттарды көтөрүп турушту. Сөз сүйлөгөндөр бийликти алууну көксөгөн оппозиция саясий туруктуулукту бузуп, башаламандыкты каалап жатат деп билдиришти. Улуттук гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев өлкөдөгү башаламандык чет элдик уюмдардын көмөгү менен жасалып жатат деп билдирип, аларды ички ишке кийлигишпөөгө чакырды.

Митингдин катышуучулары «Ак үйгө ишеним көрсөтпөө үчүн» деп жазылган плакат көтөрүп чыккан бир студенттин плакатын тытып жиберишти. Ал эми көпчүлүк окуу жайлардын жетекчилери митингге алып келинген студенттерди аянтка тизме боюнча текшерип өткөрүштү. Чогулгандарга АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын жашыруун каты деп, буга чейин «Интернет» аркылуу таратылган кат басылган гезит таратылды. АКШнын элчиси андай маанидеги билдирүү жазбагандыгын буга чейин ырасмий түрдө билдирип, жокко чыгарган болчу.

XS
SM
MD
LG