Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Грузин президенти Саакашвили кыргыз мамлекет башчысы Акаевге кайрылды


БИШКЕК. 22-мартта Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге кат жолдоп, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн өз көмөгүн сунуш кылды. Саакашвили катты президенттин досу жана коллегасы катары жазып, улуу кыргыз элине колдоо көрсөтүп, абалды жөнгө салуу боюнча оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ортомчу болууга даяр экендигин билдирди. Михаил Саакашвили өз тажрыйбасынын негизинде демократия менен эркиндикти сактап, адам укугун коргоо эң башкы жетишкендик экендигин таанып жаткандыгын белгилеген. Ошондой эле грузин президенти бул сунушун Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү эмес, кыйын кырдаалга туш болгон кыргыз элинин бейкуттугу үчүн оппозиция менен сүйлөшүүгө ортомчу катары кызмат кылууга, зарыл болсо Кыргызстанга келүүгө даяр экендигин жарыя кылды. Мындай маалымат Грузия президентинин кеңешчиси Медея Ахалкациден алынды.

XS
SM
MD
LG