Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Ирактан украин аскерлери быйыл толугу менен чыгарылат


Президент Виктор Ющенко бүгүн атайын буйрукка кол койду. Мындан бир апта мурда Ирактан украиналык 150 аскер чыгарылган эле. Дагы жарым миңдей солдат 15-майга чейин мекенине кайтып келүүгө тийиш. Өлкөнүн коргоо жана коопсуздук кеңешинин башчысы Петро Порошенконун айтымында, аскерлерди толук чыгаруу датасы октябрга, ноябрга же декабрга белгилениши мүмкүн. Маселе коалициянын мүчөлөрү менен макулдашылат. Иракта украиналык он сегиз жоокер окко учуп, бир нечеси жарадар болгон эле.

XS
SM
MD
LG