Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

БҮГҮН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СУУ КҮНҮ: ПРОБЛЕМАЛАР АРБЫН


Төрөкул Дооров, Прага Бүгүн - шейшембиде дүйнө боюнча суу күнү белгиленип жатат. Андыктан, таза суунун адам баласынын турмушундагы ролу тууралуу жана экологиялык проблемаларды жаратып жаткан себептер кайрадан козголо баштады. Бул көйгөйлөрдү өзгөчө акыркы мезгилдерде кургакчылыкты баштан кечире баштаган Борбор Азия мамлекеттери жакшы түшүнүшөт.

Суунун касиеттүү сапаттарын эсептей албайсың. Ден-соолуктун чыңдыгы да, айлана чөйрөнүн тазалыгы да суунун күчү менен жолго салынып турат.

Анткен менен, күн нурундай эле суу да дайыма кысымга алынган эркиндик сымал башкарууга алынган учурлар арбын. Суунун сарамжалсыз колдонулушу Арал деңизиндегидей кургакчылыктын болушун шарттаары да ырасталды.

Бириккен улуттар уюму тарабынан жарыяланган Дүйнөлүк суу күнү дал ушул проблемаларга көңүл буруу максатын көздөйт. Андан сырткары, бул жолку майрам сууну коргоонун эларалык 10 жылдыгын ачты. Алдыдагы он жыл бою суу тазалыгын сактоого жана аны үнөмдүү пайдалануу аракеттери эми бүтүн дүйнө боюнча жүргүзүлө башташы керек.

Статистикалык маалыматтарга ылайык бул аракеттерге муктаждык алда качан эле бышып жетилген. Лондондогу суу жардамы аттуу эларалык кайрымдуулук корунун өкүлү Девид Редхаустун ою боюнча, өзгөчө бул аракеттердин таасири жаш балдар үчүн маанилүү болмок:

- Күнүнө өзгөчө кырдаалдардын айынан ар бир 15 секундда бирден жаш бала чарчап калат. Мунун мааниси бир күндө 6000 бала же жаш балдарга толо 20 авиалайнер кулап турат дегенди билдирет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык жер шарындагы жалпы калктын 2,5 миллиарддан ашууну жөнөкөй эле санитардык чараларга муктаж. Ал эми 1 миллиондон көбү таза суу алууга мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе.

Редхаус адамдар кантип таза сууга жете албай жатышканы тууралуу өзүнүн жеке изилдөөсүндө сөз кылат.

- Биз, мисалы, танзаниялык Эрика Макалли деген 12 жаштагы кыздай адамдарды билебиз. Ал байкуш эртең менен саат төрттө уйкудан туруп, үйүнө суу ташып келгенче эки саат өтөт. Болгондо да ал суу таза эмес болгондуктан, Эрика көп ооруп, мектепке бара албай калат.

Ушул тапта таза сууга болгон муктаждык Орто Азияда өзгөчө байкала баштады. Адаттагы жамгырдын суусу жетишсиз болуп калууда.

Стокгольмдогу эларалык суу институтунун өкүлү Стефани Бленкер сүйлөйт:

- Борбордук Азия - өтө тез өзгөрүлүп турчу аймак, анткени негизинен аларда жамгыр жетиштүү жааганы менен, анын пайдасы аз. Анткени жамгыр өтө кыска мөөнөттө жаайт да, кийин кургакчылыктын мөөнөтү узап кетет. Абалды жакшыртып, ал жердеги суунун баалуулугун жогорулатуу үчүн системаны башкача нукка буруш керек.

Регион чынында суу ресурсун колдонууда эскирген тартипке, Советтер Союзунун тушунда колдонулган эрежеге таянып келатат. Бул өзгөчө, пахта сугарууда жана эгиндин башка түрлөрүн сугарууда байкалат. Бирок Бленкердин айтымында, аймактагы беш мамлекет акыркы жылдары сууну сарамжалдуу пайдаланууда бир катар ийгиликтерге жетишти:

- Мен акыркы убактагы өзгөрүүлөргө Арал деңизине байланышкан жагдайды кошмокмун. Арал деңизинин суусуна жакын мамлекеттер жок дегенде бири-бири менен кызматташа башташты.
XS
SM
MD
LG