Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

АКШ кыргыз бийлигин жана демонстранттарды зордук-зомбулуктан алыс болууга чакырды


Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели 22-марта Вашингтондогу басма сөз жыйында мындай деди:

- Биз зомбулукту айыптарыбыз анык. Менимче биздин Кыргызстандагы элчибиз жана Вашингтондогу расмий өкүлдөр кыргыз өкмөтү менен оппозиция лидерлерине парламенттик шайлоого жана өлкөдө демократиянын өнүгүшүнө байланышкан пикир келишпестиктерин Кыргызстандын конституциясына ылайык чечүүсү үчүн, мүмкүн болушунча тезинен жолугуп сүйлөшүүсү үчүн таасир көргөзүүдө.

Бирок АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Эрели анын сөздөрү Кыргызстандын эли шайлоо кандай өткөндүгү боюнча тынчыздануусун билдирбеш керек дегенди туюндурбасын кошумчалап, төмөнкүлөрдү айтты:

- Бул өкмөттүк имараттарды ээлөөгө аларга зыян келтирүүгө, кагылышууларга катышууга уруксат дегендик эмес. Сиз көз карашыңызды зордук-зомбулукка барбастан эле билдире аласыз. Кыргызстан ушул нерсе ишке ашышына муктаж.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү ошондой эле кыргыз президенти ушул дүйшөмбү күнү шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча даттанууларды иликтеп, элге түшүндүрмө берүүнү Жогорку сот менен БШКга тапшырганын кубаттады.

Кыргыз президентине өлкөдөгү саясий кризисти чечүүдө жардам көргөзүүнү кечээ ЕККУ уюмунун учурдагы төрагасы, Словениянын тышкы иштер министри Дмитрий Рупель сунуш кылды.

Президент Аскар Акаев болсо кечээ кечинде телекөрсөтүү аркылуу жасаган кайрылуусунда түштүктөгү демонстранттар талап кылып жаткандай отставкага кетпесин жана шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп жарыялоо жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эместигин билдирди.

XS
SM
MD
LG