Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН БИЙЛИК МУНАСАГА КЕЛЕ ЭЛЕК


Кыргызстандын ырасмий бийлиги менен оппозиция өлкөдө түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү жаатында бир пикирге келе элек. Бул аралыкта эларалык уюмдар тараптардын сүйлөшүүлөрүнө шарт түзүп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Оппозиция ырасмий бийликке беш талап коюп жатат. Алар: парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу, президентти кызматтан кетирүү, убактылуу өкмөттү дайындоо, президенттик, анын соңунан парламенттик шайлоо өткөрүү.

Оппозиция бул талаптарды президент Аскар Акаевдин өзү менен көзмө-көз отуруп талкуулоо зарыл дейт. Бирок президент Аскар Акаев 22-мартта кечинде телеберүү аркылуу Кыргызстан элине кайрылуусунда оппозицияга өзүнүн төмөнкүдөй талабын койду:

- Мен мыйзамга каршы иштеген адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүм үчүн алар адегенде мыйзамсыз аракеттердин аркасында иш токтоп калган жерлерди мыйзамдык негизде калыбына келтирүүлөрү керек. Бирок алардын мыйзамга таянган конструктивдик негизде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ниеттерин биз азырынча көрө элекпиз.

Президент ошондой эле Акаев сүйлөшүүгө ылайыктуу талаптарды тактап айтпай атканы үчүн оппозицияны сындады. Президенттин мындай дооматын өз кезегинде «Эл биримдиги» координациялык кеңешинин башында турган Курманбек Бакиев четке какты:

- Формулировка эчак эле даяр. Эми булар эки күндөн бери эле айтып атпайбы, сүйлөшөбүз эле сүйлөшөбүз дейт. Сөздөн башка иш жок. Конкреттүү иш болуш керек да. Сүйлөшөбүз дегенден кийин жолугуш керек, отуруш керек. Сунуштар болсо даяр.

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени алгачкы отурумунда президенттин катышуусунда талкуулап, сүйлөшүү жүргүзөрдүн алдында чыр-чатактын жөн-жайын аныктап алуу керек деп эсептешти жана аны атайын түзүлгөн депутаттык комиссияга жүктөштү.

Оппозиция болсо бул комиссия дээрлик президенттин кызыкчылыгын коргогондордон түзүлдү деп, андан майнап чыгарына ишенген жери жок. Маселен, экс-элчи Мамбетжунус Абыловдун пикиринде, оппозиция менен сүйлөшүүгө Бермет Акаева макул болгон жери жок. Бул жагынан парламент президенттин кызынын таасиринде иш кылары калетсиз, дейт Абылов.

Бул аралыкта коргоо министри Эсен Топоев менен жаңы парламенттин депутаты Ташкул Керексизов баштаган топ Ошко барып, оппозициялык лидерлер менен пикир алмашты. «Атажурт» кыймылынын мүчөсү Дүйшөн Чотонов жолугушуу тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

- Сүйлөшүү жүргүзөлү дейт. Биз деле айттык, биз деле согушалы деген жерибиз жок, башкы лозунг – Акаевди отставкага кетирүү – ал элдин лозунгу деп айттык, бирок азыр алдын ала сүйлөшөбүз деген оюңар болсо, Садиев, Субанбеков, Жанузаков өңдүү башында тургандарды токтоосуз кетирсин Акаев дедик. Андан кийин эл шайлаган кеңештин төрагаларын Акаев таанып, жардыгы менен дайындасын, андан кийин көрөбүз дедик.

Ал эми көз карандысыз саясатчы Кубатбек Байболовдун пикиринде сүйлөшүү жүргүзүүнү ыкчамдатпаса кырдаал курчуп, көзөмөлдөн таптакыр чыгып кетиши ыктымал. Ошондуктан, учурда биринчи кадамды ырасмий бийлик жасашы керек.

Тилекке каршы азыр бийлик андай кадам жасай элек, ошол эле учурда оппозиция алты ай калганда президенттин отставкасын талап кылуу аркылуу катачылык кетирип жатат. Оппозиция бул маселеде бир пикирге келе элек, анын үстүнө ал элдин артынан ээрчип жүрөт, ошондуктан, бийлик эл өкүлдөрү менен түз сүйлөшүүлөрдү башташы керек эле дейт депутат Байболов:

- Ошо элдин алдына бара турган бир легитимдүү фигура болуш керек да. Азырынча жок болуп атпайбы. Премьер министр менин оюмча бара албайт. Жогорку Кеңештин төрагасы жок. Ошондуктан, азыр башкача форматта, маселен, президенттин атайын ыйгарым өкүлү дайындалышы мүмкүн сүйлөшүү жүргүзгөнгө. Жардыгы менен дайындап, ушу менин атыман сүйлөшүү жүргүзөт десе, анда биринчи кадам жасалган болот эле.

Бул аралыкта эларалык коомчулук да Кыргызстандагы кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө өзгөчө кызыкдар болууда. Сүйлөшүүгө шарт түзүүгө даяр экенин акыркы эки күндө БУУ, ЕККУ, Евросоюз өндүү эларалык уюмдар билдиришти.

Бир күн мурун Грузиянын президенти Михаил Саакашвили тараптарды ийге келтирүү үчүн ортомчулук кылууга, Кыргызстанга барууга даяр экенин билдирди.

Бирок айрым талдоочулар азыркы тапта оппозиция менен бийликтин эларалык ортомчуларсыз сүйлөшүүлөргө али мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG