Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

АКШнын полициясы Ред Лэйктин мектебинде болгон киши өлтүрүүнү иликтеп жатат


РЕД ЛЭЙК/ МИНЕСОТА. АКШнын полициясы чоң атасын жана мектебиндеги тогуз кишини атып өлтүрүп салган өспүрүмдүн ишин териштирүүдө. 16 жаштагы мектеп окуучу Жефф Вайзе дагы бир нече кишинин жарадар кылып, аягында өзү атылып өлгөн. Бул Америкада 1999-жылдан берки мектептеги киши өлтүрүүнүн эң кандуусу болду. Анда Колумбияда бир окуучу 12 кишинин жайлап салган. Полиция Вайзенин неонацисттер менен байланышы бар болгон-болбогонун текшерип жатат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG