Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Францияда Ирандын ядролук программасына байланышкан сүйлөшүүлөр башталды


ПАРИЖ. Францияда Ирандын ядролук программасына байланышкан сүйлөшүүлөр башталды. Франция, Германия жана Британия Иранды байытылган уран чыгарууну токтотууга көндүрүп, анын ордуна ага экономикалык жеңилдиктерди сунуш кылмакчы болуп жатышат. Кечээ Ирандын атомдук энергия агенттигинин жооптуу өкүлү Мухаммед Саади анын өлкөсү уранды тынчтык максатта байытууну токтотпой турганын билдирди. Сүйлөшүүгө катышып жаткан үч өлкө тең эгерде Иран эпке келбесе, Ирандын ядролук программасы жөнүндөгү маселени ООНдун Коопсуздук кеңешинин кароосуна койуу сунушун колдоп чыга турганын билдиришти. Эгерде АКШ киргизген бул сунуш кабыл алынса, Иранга каршы экономикалык санкциялар киргизилиши ыктымал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG