Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Москва Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалга тынчсызданып жатканын билдирди


МОСКВА. Россиянын коргоо министри Москва Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалга тынчсызданып жатканын билдирип, Кыргызстан Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунун мүчөсү экенин оппозиция унутпоого тийиш, деп эскертти.

- Москва Кыргыз оппозициясы элди тынчытып, диалог жүргүзөрүнө үмүттөнөт, - деп билдирди. Анын аралыгында бүгүн өлкөнүн түштүгүндө нааразылык акциялары улантылды.

Ал эми oппозициянын өкүлү Жусупбек Жээнбеков Рейтер кабар агенттигине берген маалыматында:

- Абал тынч, баардык мекемелер иштеп жатат. Бүгүн бул жерде күч колдонуу кызматтарынын өкүлдөрү, банкирлер болуп, банктар тонолду деген кабарлар жалган экенин ырысташты,-деп айтты.

XS
SM
MD
LG