Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Ысыккөл облусунда коопсуздук чаралар күчөтүлө баштады


КАРАКОЛ. Облустук мамлекеттик администрациянын биринчи кабатындагы эшиктер темир торлор менен бекитилип, терезелери атайын материалдар менен жабылды. Аталган жайдын эки капталындагы эшиктер бышкан кыш менен жылчыксыз тосулду. Күтүлбөгөн жерден жүргүзүлгөн мындай ремонт иштери тууралуу ар кандай пикирлер айтылууда. Айрым адамдардын көз карашында эшик, терезелерди бекитүү аркылуу учурдагы жалпы республика боюнча тузүлгөн курч саясий абалды алдын ала токтотуу мүмкүн эмес. Бирок эл арасындагы мындай кыйчы пикирлерге облус жетекчилиги каршы көз карашта. Атап айтканда, облус губернатору Токон Шайлиеванын айтымында, облустук акимчилик жайгашкан жайга капиталдык ремонт башталды. Мындан саясий мааниси бар окуяны издеген туура эмес.

XS
SM
MD
LG