Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

Ички иштер министринин орун басарлары дайындалды


БИШКЕК. 23-мартта премьер-министр Николай Танаевдин буйругу менен Ички иштер министринин орун басарлыгына Султан Акаев, Темирбек Субанов, Сергей Баженов дайындалды. Ошондой эле өкмөт башчынын буйругуна ылайык Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев жана Ички иштер министринин орун басары Абдылда Суранчиев бөлөк кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
Президент Аскар Акаевдин жарлыгына ылайык вице-премьер-министр жана ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Кеңешбек Дүйшөбаев дайындалган. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
23-мартта президенттин буйругу менен Бишкек шаардык Ленин райондук мамлекеттик администрация башчылыгына Бахтыяр Болгонбеков дайындалды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG