Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Баткенде оппозиция өкүлдөрү облус жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүштү


БАТКЕН. Сүйлөшүү губернатор Баратали Кошматов баштаган облустагы күч органдарынын жетекчилери менен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жана белгилүү саясатчы Досбол Нур уулунун ортосунда өттү. Губенартор Кошматовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, оппозиция тарап сүйлөшүүдө облуста өз бийлигин орнотоорун билдирип, кааласаңар биз тарапка өткүлө деген сунуш айткан жана президент Аскар Акаев мөөнөтүнөн мурда кетсин деген талап койгон. Облус жетекчилиги алардын аракетин мыйзамсыз деп баалап, талаптары менен макул эместигин билдирген. Ал эми Исхак Масалиев менен Досбол Нур уулу Кыргызстанда адилеттик орносун, президент кызматынан кетсин деген элдин талабын айтышканын, облус жетекчиси баштаган күч органдарынын жетекчилери мунасага келгендин ордуна коркутууга аракет жасап, ормон-опузага алышканын, эртең облус борборунда элдик курултай өтүшү күтүлүп жатканын, мындан аркы иш аракеттер ошол курултайдын чечимине жараша болоорун ушул эле күнү “Азаттыкка” билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG