Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Жалалабат шаарындагы нааразылык акция улантылды


ЖАЛАЛАБАТ. Митингге беш минден ашык адам катышты. Алар өлкөдөгү социал-экономикалык абалдын начардыгын сынга алышып, президент Аскар Акаевдин токтоосуз бийликтен кетүүсүн талап кылган түрдүү тасмаларды кармап турушту. Митингге атчан адамдар да кошулду. Облустагы эл бийлигинин маалымат кызматы билдиргендей Жалалабат, Базаркоргон, Ноокен аймактары, облустук улуттук коопсуздук кызматы эл бийлигинин колуна өттү. Облустук бийлик элге таандык болуп, майда кызматтагы адамдар ишин баштады. 20-мартта спецназ тарабынан токмоктолгон 62 адам ушул тапта медициналык жардам алууда, ок тийген эки адамдын бирөөсүнүн абалы оор. “Атамекен” партиясынын өкүлдөрү Базаркоргон, Ноокен райондору менен Кочкората шаарыны президент Аскар Акаев менен жергиликтүү акимдердин кызматтан кетүүсүн талап кылган жарандардын колунда экендигин маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG