Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Башкы прокурор жана Ички иштер министри кызматтан кетти


БИШКЕК. 23-мартта президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Мурат Суталинов дайындалды. Ушул эле күнү өлкө башчысынын жарлыгына ылайык Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков башка кызматка кеткендигине байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна вице-премьер-министрдин жана ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Кеңешбек Дүйшөбаев дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп келген.

XS
SM
MD
LG