Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Курманбек Бакиевге кылмыш иши козголот


БИШКЕК. Кыргызстандын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Мурат Суталинов билдиргенге караганда, Ош жана Жалалбаттагы кырдаалга тиешеси бар 400- 500 адамга кылмыш иши козголот. Анын ичинде бийликти басып алуунун уюштуруучусу катары 50 адамга бийликти басып алуу, өлкөнү башаламандыкка түртүү, өзүн өзү билемдик өңдүү 8ден ашык берене боюнча кылмыш иши козголмокчу. Мисалы, Баш прокурордун айтымында, Курманбек Бакиевге кылмыш иши козголот, ага азыр материалдар топтолуп жатат. Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев журналисттерди башкалаада эч кандай чабуул жана бийликти басып алуулар болбойт деп ынандырды. Анын айтымында, ага каршы турууга тартип коргоо органдары толук даяр.

Мурат Суталиновдун айтымында, Ош жана Жалабатта кырдаалды учурда оппозиция башкара албай калды. Баш прокурор өлкөнүн түштүгү кылмыштуу чөйрөлөрдүн колунда деп билдирди. Маалымат жыйынында президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев билдиргенге караганда, эртең Жалалабат жана Ош дубандарындагы эл менен сүйлөшүүгө премьер- министр баштаган бийлик өкүлдөрү жөнөп кетиши ыктымал. Ал эми президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев Ош жана Жалалабат облустарындагы башаламандыктарга Грузиянын парламентинин айрым депутаттары түрткү беришти деди.

XS
SM
MD
LG